Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Бишкекте бир тонналык бешбармакты даярдоо иштери башталды


Бишкек
Бишкек

Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалчу бир тонналык бешбармакты даярдоо Бишкектин “Аю Grand Comfort” соода жайында башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Андан сырткары кечээтен бери бешбармактын камырын жууруп, жаюу иштери жүрүп жатат.

Бешбармак
Бешбармак

Учурда аталган соода жайында манасчылар, ырчы-чоорчулар оюн көрсөтүүдө.

Бул иш-чаранын алкагында 110 метрлик чучук да жасалганы жатат.

Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфморт” фирмасы менен менен чогуу уюштурууда.

Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 700 килограммдан ашык бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргени кабарланган. Бул жолку Бишкекте жасалып жаткан бир тонналык бешбармакты Гиннес рекорддор китебинин расмий өкүлдөрү каттайт деп күтүлүп жатат.

Бешбармак - кыргыздын улуттук тамак-аштарынын бири. (ErN)

XS
SM
MD
LG