Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Ошто жаш манасчылардын кароо-сынагы болот


Оштогу "Манас" айтуу боюнча саамалыктын катышуучулары. Декабрь, 2017-жыл.
Оштогу "Манас" айтуу боюнча саамалыктын катышуучулары. Декабрь, 2017-жыл.

12-мартка белгиленген кароо-сынак кытайлык кыргыздардан чыккан залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.

Иш-чарага мектеп окуучулары катышат. ​Аларга "Манас" эпосун айтуу чеберчилигине, сахнада өзүн алып жүрүү маданиятына карап баа берилет. Саамалык Оштогу “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG