Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:27

Бала бакчанын курулушу боюнча кылмыш иши козголду


Кыргызстандагы Балдар күнү. 1-июнь, 2017-жыл.
Кыргызстандагы Балдар күнү. 1-июнь, 2017-жыл.

Өзгөн районундагы Акжар айылында бала бакча куруу боюнча Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы "Э.Н." жоопкерчилиги чектелген коому менен 2015-жылы 15-июлда 20 млн. 652 миң сомдук келишим түзгөн. Келишимге ылайык, бала бакчанын крулушу 2016-жылдын 25-августуна чейин аяктоого тийиш болчу. Бирок курулушка бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз менчиктеп алуунун натыйжасында, бала бакча мөөнөтүнө чейин бүтүрүлгөн эмес. Ал эми келишимге кол койгон тараптар мамлекеттик бюджетке 3 млн. 979 миң сомдук зыян келтиришкенин. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жызы кодексинин 315-беренеси ("Кызматтык жасалмалоо"), 304-беренеси ("Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу"), 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу") жана 221-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл органы тарабынан социалдык мекемелерди куруу жана оңдоо иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик ишканалардын ишине көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлган. Өткөн жумада Ноокат райондук прокуратурасы райондун Насирдин Исанов айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын курулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгогон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG