2013-2017-жылдары дүйнөдө курал сатуу 10% көбөйгөнүн Стокгольмдогу эл аралык тынчтыкты иликтеген институт – SIPRI дүйшөмбүдө жарыялады.
Курал-жарак базарында АКШ дагы эле биринчи орунда , анын үлүшүнө дүйнөлүк алкакта чыгарылган курал-жарактын 34% туура келет. 2008-2015-жылдарга салыштырмалуу Вашингтон курал-жабдык өндүрүүнү 25% көбөйткөн. Орусиянын көрсөткүчү 58% болуп, үлүшү 22% чейин азайган. Буга мунайдын арзандашы, Батыш киргизген экономикалык санкциялар түрткү болгону белгиленет.
Баяндамада дүйнөдө курал-жаракты эң көп өндүргөн алдыңкы беш өлкө - АКШ, Орусия, Франция, Германия жана Кытай экени айтылат. Ал эми курал сатып алгандардын алдында Индия, Сауд Аравиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмирлиги турары белгиленет.