Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:38

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды узартты


Евробиримдиктин туусу.
Евробиримдиктин туусу.

Евробиримдик орусиялык 150 жаранга жана 38 ишканага каршы санкцияларды жарым жылга узартты. Бул тууралуу Европа кеңешинин интернет-сайтына жарыяланды.

Брюсселдин позициясы боюнча Орусиядагы азыркы жагдай санкциялык режимди өзгөртүүгө жол бербейт.

Санциялар жарандардын финансылык активин камакка алып, ишканаларды «кара тизмеден» чыгарууга жана чектөөлөрдү алып салууга тыюу салат.

2014-жылы Евробиримдик менен АКШ Орусия Крымды каратып алгандан кийин ага каршы санкцияларды киргизген.

Москва жарым аралды кошуп алганын «тарыхый адилеттикти калыбына келтирүү» деп баалап, Украинадагы жаңжалга болсо эч тиешеси жоктугун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG