Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:22

Коопсуздук кеңеши: Жээнбековго кайрылган жапондун жүйөсү ырасталды


Матсуда Шинжи.
Матсуда Шинжи.

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы укук коргоо, сот жана көзөмөл органдары тарабынан коррупция жана мыйзамсыз аракеттердин фактылары боюнча жарандардын кайрылууларын жана ЖМКдагы кабарларды кабыл алып, карап жатат. Ага ылайык, 19-февралда Жапониянын ”Кыял” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Матсуда Шинжинин кайрылуусу боюнча мурда козголгон кылмыш иши иликтөөнүн кемчиликтерин толукташ үчүн кайра кайтарылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокурорунун улук жардамчылары Б.Доктурбеков менен М.Сооронкулов тартип жоопкерчилигине тартылышты.

Жапониядагы "Кыял" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Матсуда Шинжи президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, анын ишин жеке көзөмөлгө алууга жана "Кыял" кайрымдуулук фондуна акчаны кайтарып берүүгө көмөктөшүү өтүнгөн.

Кайрылууда «Инклюзивдүү окутуу» коомдук фондунун директору Элнура Эмилканова жапон жараны Матсуда Шинжи менен таанышып, ишенимине кирген соң, азиздер үчүн окуу борборун уюштуруу максатында квартира сатып алуу шылтоосу менен 2015-жылдын 8-июнунда 83010 (сексен үч миң он) АКШ долларын алганы, бул акчага Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсүнөн батир сатып алып, аны өзүнүн атына каттатып, жабыркаган тараптын көзүн будамайлаганы айтылган. Мындан тышкары, Эмилканова батирди оңдоого, керектүү жабдууларга деген негиз менен 3010 (үч миң он) АКШ долларын да алган. Муну билип калган Матсуда Шинжи Эмилканованын үстүнөн Кыргызстандын укук коргоо органдарына кайрылган. Тергөө жапон жараны Матсуда Шинжиге жалпы суммасы 113 020 (жүз он үч миң жыйырма) АКШ доллары көлөмүндө материалдык зыян келтирилген деп таап, ишти Биринчи май райондук сотуна жиберген.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Ал эми Элнура Эмилканова бул маселе боюнча азырынча комментарий бере албай тургандыгын "WhatsApp" аркылуу "Азаттыктын" кызматкерине кабарлаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG