Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Жапон ишкери кыргыз президентинен жардам сурады


Матсуда Шинжи.
Матсуда Шинжи.

Жапониянын Матсуда Шинжи аттуу жараны Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, жардам сурады. Өз кайрылуусун чет өлкөлүк укук коргоочу "жапон жарандары негиздеген кайрымдуулук фондунун каражатын Кыргызстандын жараны Элнура Эмилканова жеп кетти, соттор калыс чечим чыгарбай жатат" деп негиздеген. Бул кайрылууга президент жана сот өкүлдөрү комментарий бере элек.

Матсуда Шинжи 2011-жылдан бери Жапониянын кыргызстандагы JICA уюмунун ыктыярчысы болуп иштеп келген. 2014-жылы Жапонияга кайтып барып, ал жактан дагы бир жердеши менен “Кыял” деген кайрымдуулук фондун негиздеген. Фонддун максаты - Кыргызстандагы көзү азиз кишилерге жардам көрсөтүү болгон.

Матсуда Шинжинин Кыргызстандагы расмий өкүлү Жамиля Казиеванын айтымында, фонд азиздерге реабилитация борборун ачуу максатында “Empower Blind People” деген коомдук бирикменин жетекчиси Элнура Эмилканова менен байланышып, ага батир сатып алууга 83 миң доллар берген.

Жапон жаранынын расмий өкүлү Эмилканова ашып кетсе 50 миң доллар турган эки бөлмөлүү батирди 83 миң долларга алганын айтып, ага дагы 30 миң долларга ремонт иштери үчүн каражат сураганын айтууда. Кийин Эмилканова үйдү өзүнө менчиктеп алганы белгилүү болгон.

Айласы түгөнгөн Матсуда Шинжи 2017-жылдын март айында укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

Матсуда Шинжинин Кыргызстандагы расмий өкүлү Жамиля Казиева сот 2017-жылдын июль айынан бери биринчи инстанциядан өтпөй жатканын айтты. Ал "айыптоочу (прокурор) доо арыз менен кайрылгандардын укугун коргоо ордуна кайра сот процессин кечеңдетип жатат" деди:

- Бул (Эмилканова) сотту ар кандай кагаздары менен созуп жатат. Ар кандай шылтоо менен июнь айынан бери сот бир инстанциядан да чыга элек. Биз прокурорго айттык, "Кылмыш-жаза кодексинин нормалары одоно бузулду, силер жабыркаган тараптын укугун колдошуңар керек" десек, прокурор "колдобойм" деп ачык эле айтты.

Үчүнчүдөн, спорт жаатында чоң иштерди кылды. Биздин көзү көрбөгөн мүчөлөрүбүзгө жыл сайын май айында марафон уюштуруп турат. Андан тышкары да абдан көп жардам берди.
Марат Ташбаев

​Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Марат Ташбаев Матсуда Шинжи азиздердин көйгөйүн чечүүдө эбегейсиз иш жасаганын айтып, соттор иш жараянын созуп жатканына кабатыр экенин билдирди:

- Матсуда сан (мырза) биздин коомго абдан маанилүү иштерди жасап кетти. Биринчиден, ал DAISY форматындагы плеерлерди азиздер коомунун китепканасына тапшырды. Экинчиден, Жапониядан алып келген лупаларды элге таратты. Үчүнчүдөн, спорт жаатында чоң иштерди кылды. Биздин көзү көрбөгөн мүчөлөрүбүзгө жыл сайын май айында марафон уюштуруп турат. Андан тышкары да абдан көп жардам берди. Дагы бир жолу кайталап коеюн, биздин коомдо эсте калган Матсуда-сан болду да.

2016-жылдан бери “Кыял” фондунун эсебинен 72 кыргыз балага операция жасалганын Улуттук эне жана бала борборунун офтальмология (көздү дарылоо) бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Сулайманова “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

- Операция болгон балдардын көпчүлүгү аймактардан келген. Алардын баары көп балалуу же кедей жашаган үй-бүлөлөрдөн чыккан. Көп учурда алардын өздөрү же ата-энелери майып болот. Албетте, алар көп каражатты талап кылган мындай операцияларды өздөрү көтөрө албайт.

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

600 миң доллардан ашык акча сарптаган британиялык инвестор сотто утулган соң, Кыргызстанга акча салган чет элдик ишкерлердин капиталынын кепилдиги тууралу маселе көтөрүлүүдө.

Учурда Матсуда Шинжи Кыргызстанга каражат жөнөтүүнү токтоткон. Анын өкүлү Жамиля Казиева бир жылдан бери балдарга операциялар да жасалбай калганын айтып кейиди. Ал эми азиздер үчүн ачылчу реабилитациялык борбор азыр ар кайсы жерде батирди ижарага алып, Борбор Азиядагы Америка университенинин көмөгү менен ишин улантып жатат.

Соттордон майнап чыкпаган соң, Матсуда Шинжи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарындагы жана соттордогу коррупция менен күрөшүүнү негизги багыттардын бири катары белгилегенин жапон эли кубаттаарын айтып, бул ишти жеке көзөмөлүнө алуусун суранып, президентке ачык кат жиберди.

Айыпталуучу Элнура Эмилканова менен байланышканыбызда, ал бул иш тууралуу азырынча комментарий бере албай тургандыгын "WhatsApp" аркылуу "Азаттыктын" кызматкерине кабарлады.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алмамбет Абдраманов бул иш органдын көзөмөлүндө экенин "Азаттыкка" билдирди:

- Бул иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Соттук териштирүү аягына чыкмайынча биз бул тууралуу эч кандай комментарий бере албайбыз.

Кийинки соттук жараян 19-февралда Биринчи Май райондук сотунда уланмакчы. “Азаттыктын” кабарчылары иштин жүрүшүнө дыкат көз салып турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG