Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:33

Президент Нурханбек Момуналиевди кызматынан бошотту


Нурханбек Момуналиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин кызматтан кетүү жөнүндө арызын канааттандырды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Жээнбеков 12-мартта кол койду.

Билдирүүдө Момуналиев өз арызынын нгеизинде кызматтан бошотулганы жазылган.

Ага чейин өкмөт башчы Сапар Исаков Нурханбек Момуналиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушун президентке жиберип, өкмөт аппаратындагы эки бөлүм башчыны кызматтан алган.

Премьер-министр кол койгон буйрукка ылайык, Эмилбек Бусурманкулов өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна Алмазбек Мусабеков дайындалды. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG