Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:26

Өзбекстан менен Тажикстан чек араны минадан тазалоону макулдашты


Президенттер Мирзиёев менен Рахмон макулдашууга кол коюлгандан кийин, 9.03.2018
Президенттер Мирзиёев менен Рахмон макулдашууга кол коюлгандан кийин, 9.03.2018

Өзбек жана тажик бийликтери 2019-жылдын аягына чейин чек араны минадан тазалоону макулдашты. Эки өлкөнүн чек арасынын тоолуу райондордогу тилкелерине 1999-жылы “Өзбекстан ислам кыймылы” тобунун согушкерлери Тажикстан тараптан Өзбекстандын Сурхандарыя облусуна кирүүгө аракеттенишкенде мина коюлган.

Тажикстандын улуттук борборунун маалыматына караганда, 1999-2011-жылы чек арада мина жарылып, 160 киши жабыркаган, 76 киши өлгөн. Алардын 15и балдар жана бешөө аялдар.

Өзбекстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы 1332,9 чакырымга созулат. Советтер Союзу ыдырагандан бери өзбек-тажик чек арасынын 20% делимитация боло элек.

9-10-мартта өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү алгачкы мамлекеттик сапары маалында эки өлкөнү жакындаткан 27 келишимге кол коюлду. Эки өлкөнүн ортосундагы виза тартиби жоюлмай болду. Бул келишим парламенттин ратификациясынан өткөндөн кийин өзбек-тажик жарандары коңшу өлкөдө 30 күнгө чейин визасы жок жүрө алышат.

XS
SM
MD
LG