Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Бишкекте укук коргоочулар жаштар маршын уюштурат


Бишкектеги митингдердин бири. 5-март, 2018-жыл.
Бишкектеги митингдердин бири. 5-март, 2018-жыл.

“Өз укугуңдү бил!” деп аталган маалымат өнөктүгүнүн алкагында уюштурулуп жаткан жаштар маршы бүгүн Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик гүлбагынын кесилишинде башталып, борбордук аянттагы Курманжан Датканын эстелигинин жанында аяктайт.

Флешмоб өтүп, атайын тигилген чатырда китепчелер, баракчалар элге таратылат. Жаштар тобу Ички иштер, Билим берүү жана илим, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Тышкы иштер министрликтерине маалымат материалдарын тапшырат.

Бул өнөктүк 12-мартта башталган. Аны Акыйкатчы институту, Кыйноого каршы улуттук борбор, "Борбор Азиядагы түрмө реформасы", адвокатура, "Кылым шамы", "Бир дүйнө - Кыргызстан, "Балдар укугун коргоо лигасы" укук коргоо уюмдары чогуу уюштуруп, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөткөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир жума бою долбоорго катышкандар эксперттердин пикирлерин, адам укуктары тууралуу маалыматтарды коомчулукка жарыялап турат. Ошондой эле Кыргызстандын бардык облустарында адам укуктарына арналган иш-чаралар өткөрүлөт. (NT)

XS
SM
MD
LG