Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Ошто дагы жети киши "Йакын инкар" агымынын мүчөсү катары кармалды


"Йакын инкар" агымынын мүчөлөрү. Жалал-Абад. Сүрөт "Азаттыктын" архивине таандык.
"Йакын инкар" агымынын мүчөлөрү. Жалал-Абад. Сүрөт "Азаттыктын" архивине таандык.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, алардын алтоо Араван, бирөө Өзгөн районунан кармалган. Учурда тергөө уланууда.

1-мартта Ошто «Йакын инкар» агымынын мүчөсү экени айтылган дагы тогуз киши соттолгон. Ош шаардык соту аларды аталган "диний-экстремисттик агымдын идеологиясын тараткан" деп айыптап, үч-төрт жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кести. Бул жарандар 2017-жылдын 15-июнунда Кара-Суу районунда кармалганы айтылды. Өткөн айда эле Кара-Суу райондук соту "Йакын инкар" диний уюмунун идеяларын жайылтып жүргөн 24 кишини эки жылдан шарттуу кескен.

"Йакын инкар" диний тобу Кыргызстанда дааватчылык уюму катары таанылган "Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп эсептелет. Анын мүчөлөрү "балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорлорду колдонбош керек" деген сыяктуу кескин эрежелерди карманат. Өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Кийинчерээк Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра баштаган.

"Йакын инкар" агымынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө былтыр 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту, ага чейин муфтият тыюу салган.

XS
SM
MD
LG