Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 15:56

“Ихлас”: Жантөрө Сатыбалдиев менен Икрам Илмияновдун компанияга тиешеси жок


Иллюстрация. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Курулуш менен алектенген “Ихлас” компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов 12-мартта билдирүү таратып, "гектарлаган жер тилкелери мыйзамсыз алынган жана компаниянын артында таасирдүү адамдар турат" деген маалыматтарды четке какты. Анын айтымында, Интернет булактарында компанияны "каралоо" жүрүп жатат:

- Жантөрө Сатыбалдиевди, Икрамжан Илмияновду дайым бизге жармаштырып келишет. Биз так кесе айтабыз, булардын бизге такыр тиешеси жок! Алар менен өнөктөш да эмеспиз! Учурдан пайдаланып ошол кишилерге да кайрылгым келет, силер да үн катып, биздин компанияга тиешеңер жоктугун аныктап койсоңор, - деген Осмонов парламенттеги “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаевдин айткандары да чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.

Буга чейин Интернетте Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткан 5 гектар жерди “Илмиянов менен Сатыбалдиевдин “Ихлас” фирмасы ээлеп алган" деген маалымат жарыяланган. Аталган курулуш компаниясы сөз болуп жаткан жер 5 гектар эмес, 2.868 гектар экенин жана ал мыйзам негизинде алынганын, "каралоо" токтобосо, сотко кайрыларын билдирүүдө.

Жогорку Кеңеште 7-мартта депутат Таабалды Тиллаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын сол тарабында "Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери кармалып турган 5 гектар жер азыр кимге жана кантип берилгенин иликтөөнү" өкмөттөн талап кылган. Ал бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүшү мүмкүн экенин айткан. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG