Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Сегиз жаштагы кыздын катуу сабалышы боюнча кылмыш иши козголду 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, секелектин катуу токмок жеп ооруканага түшкөнүнүн чоо-жайы иликтенүүдө.

Аламүдүн райондук милициясы иликтөөнүн жүрүшүндө анын Маевка айылынын тургуну экенин аныктап, Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Денеге атайылап зыян келтирүү") боюнча иш козгогон. Териштирүү аяктагандан кийин кылмыш ишинин беренелери өзгөрүшү мүмкүн.

Сегиз жаштагы секелек денесинен жана башынан жараат алып, 11-мартка караган түнү Бишкектеги №3 балдар ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилген. Интернетте ал "өгөй энесинен запкы көргөн" деген маалымат тарап жатат. Кыз менен кошо ооруканада жаткан аялдар анын ыйламсырап, жардам сураганы тартылган видеону да жарыялашты. Анда секелек өгөй энесинен буга чейин да катуу токмок жеп келгенин, бул ирет отургуч менен чаап, башына чөмүч менен урганын айтып берген. Милиция кызды ургандар тууралуу тергөө бүткөндөн кийин маалымат берилерин билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG