Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Ашыр Чокубаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө


Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев менен коштошуу ушул тапта ал өзү көп жыл иштеген Токтоболот Абдымомунов атындагы драма театрында өтүп жатат. Маркумдун тажыясына вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер-Нияз, Иса Өмүркулов жана башка бийлик өкүлдөрү, искусство таануучулар, артисттин күйөрмандары катышууда.

Ашыр Чокубаев 11-мартта, узакка созулган оорудан кийин каза болгон.

71 жаштагы актер бир топ спектаклдерде жана фильмдерде ролдорду жараткан. Ал айрыкча “Ак илбирстин тукуму” тасмасында Касендин образы менен көрүүчүлөрдүн эсинде калды.

Чокубаев мындан сырткары Казакстандын “Аманат”, “Китеп”, Көчмөндөр” жана башка ондогон фильмдерине тартылып, казактардын “Талаадагы куушмак”, “Биздин Гани”, “Баатыр баяны”, “Мухаммеддин кылычы” тасмаларында, Голливуд жана “Казакфильм” киностудиясы биргелешип тарткан “Көчмөндөр” фильминде, Голливуддун “Чыңгызхан” тасмасы сыяктуу ондон ашык чыгармада ойногон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG