АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон "Сергей Скрипал менен анын кызынын ууланышына Орусиянын тиешеси бар" деген маалыматтарга Вашингтон тынчсызданып турганын билдирди.
- Биз Британиянын иликтөөсүнө жана "өткөн жумада Солсберидеги нервди сенек кылган уу зат менен кол салууга Орусия жооптуу болушу ыктымал" деген анын баасына толук ынанып турабыз, - деди Тиллерсон 12-мартта.
Анын алдында эле Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Скрипалдын ууланышына Орусиянын тиешеси болушунун "мүмкүнчүлүгү жогору" экенин билдирген. Ошондой эле Мэй уу зат 1970-1980-жылдары Советтер Союзунда даярдалганын, аты "Новичок" экенин жарыялаган.
Ушундан кийин Лондон бул зат кандайча Британияда пайда болгонун 13-мартка чейин түшүндүрүп берүүнү Москвадан талап кылды.
Орусия бардык дооматтарды четке какты. 12-мартта бул боюнча президент Владимир Путин биринчи жолу комментарий берип, "адегенде өзүңөр аңдап-түшүнгүлө, андан кийин силер менен сүйлөшөбүз" деди.
Ооруканадагы Сергей Скрипал менен кызы Юлиянын абалы дагы эле оор, бирок турукту деп бааланууда.
Британ бийлиги буга чейин бул кыянаттыкка Орусиянын тиешеси бар экени далилденсе, “чечкиндүү жана талапка ылайык” жооп берилээрин билдирген. Тиллерсон да "өнөктөшүбүз Бириккен Королдук менен тилектешпиз жана жооп иретинде чара көрүүнү тыгыз координациялай беребиз" деп жатат.