Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Непал: учак кырсыгынан өлгөндөр 49га жетти


Куткаруучулар Катмандунун аэропортунда иштеп жатышат. 12-март, 2018-жыл.
Куткаруучулар Катмандунун аэропортунда иштеп жатышат. 12-март, 2018-жыл.

Дүйшөмбүдө Непалда кыйраган учактын курмандыктарынын саны 49 адамга жетти.

Бангладештин борборунан келаткан учак 12-мартта баш калаа Катмандунун аэропортуна конуп жатканда кырсыкка учураган. "US-Bangla" компаниясына таандык учакта 67 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон.

Аэропорттун куткаруу кызматы учактагылардын айрымдарын чыгарып кетүүгө үлгүргөн. Ошентсе да ооруканага жеткирилгендердин көбүнүн абалы оор экени кабарланууда.

Кырсыктын себеби аныктала элек. Непалдын премьер-министри Шарма Оли набыт болгондордун жакындарына көңүл айтып, иликтөө жүргүзүлөрүнө убада берди.

XS
SM
MD
LG