Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Лавров: Москва Лондондун талабына жооп кайтарбайт


Сергей Лавров. 13-март, 2018-жыл.
Сергей Лавров. 13-март, 2018-жыл.

"Сергей Скрипал менен анын кызынын ууланышына Орусиянын катышы болушу ыктымал" деген кинени Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров четке какты.

- Орусиядагылар күнөөлүү эмес. Химиялык куралга тыюу боюнча конвенцияга ылайык, Орусия кызматташууга даяр. Эгер Бириккен Королдук ошол эле документтеги өзүнүн эл аралык укуктук милдеттенмелерин аткарса, - деди Лавров 13-марттагы маалымат жыйынында.

Ошондой эле орус министри британ бийлиги эмне зат колдонулганын иликтөөгө орусиялыктарды катыштырмайынча, Лондондун ультиматумуна Москва жооп бербей турганын айтты.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Скрипалдын ууланышына Орусиянын тиешеси болушунун "мүмкүнчүлүгү жогору" экенин 12-мартта билдирген. Ошондой эле Мэй уу зат 1970-1980-жылдары Советтер Союзунда даярдалганын, "Новичок" деген топко кирерин жарыялаган.

Ушундан кийин Лондон бул зат кандайча Британияда пайда болгонун 13-мартка чейин түшүндүрүп берүүнү Москвадан талап кылды.

66 жаштагы Сергей Скрипал жана кызы Юлия 4-мартта уулануудан эс-учун жоготуп жыгылышкан. Скрипал Орусиянын чалгын кызматында иштеген. Кийин Британиянын пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталып, эркинен ажыратылган. 2010-жылы ал мунапыс менен эркиндикке чыгып, АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Ошондон бери Британияда жашачу.

XS
SM
MD
LG