Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

Өзбекстан Германияга, Казакстанга, Оманга мигранттарды жөнөтөт


Орусиянын Нижний Новгород шаарында иштеген өзбек мигранттары. 2018-жыл.
Орусиянын Нижний Новгород шаарында иштеген өзбек мигранттары. 2018-жыл.

Өзбекстандын Тышкы миграция боюнча агенттигинин жетекчиси Равшан Ибрагимов эмгек миграциясы тармагында кызматташтык кеңейтилип жатканын билдирди.

Буга чейин өзбекстандыктар үчүн Түштүк Кореяга, Орусияга, Жапонияга жана Польшага барып иштөөгө гана квота бөлүнчү. Эми Бириккен Араб Эмирлиги менен кызматташуу башталат. Мындан тышкары Германия, Казакстан жана Оман менен эмгек миграциясы боюнча келишим түзүү маселеси каралууда.

Өткөн дүйшөмбүдө өзбек мигранттарын Түркияга жөнөтүү боюнча документке кол коюлган. Агенттик Орусияга быйыл 50 миңден ашык мигрант жиберет.

XS
SM
MD
LG