Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оморов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Токтогул ГЭСинен чыккан электр энергиясынын өздүк наркы 16 тыйын, Бишкек Жылуулук энергетикалык борборунан иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы 3 сом 9 тыйын. Отун-энергетикалык энергетикалык комплексти тескөө агенттиги бекиткен тариф боюнча, электр энергиясынын орточо баасы 4 сом 70 тыйын.
Жогорку Кеңеш ушу тапта "Электр энергетикасы жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда карап жатат. Айрым депутаттар электр энергиясынын өздүк наркы, алыскы тоолуу аймактарга, жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүүдөгү жоопкерчилик жана башка маселелерди көтөрүштү.
Депутат Кенжебек Бокоев жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү энергетикалык компаниялардын жоопкерчилигинде болушу керек деп талап кылды:
- Электр энергиясы товар болсо, линиялар дүкөн дейли. Ошол дүкөндү компания өзү курсун да. Эмне үчүн булар Союздан калган зымдар менен барган электр энергиясын сатып, пайда көрүп отура бериши керек?
Депутаттын суроосуна жооп берген өкмөт өкүлү жаңы конуштарга алгач инфраструктуралык шарттарды түзүп, андан кийин турак жай тургузуу маселесин кароо биринчи орунда экенин билдирди. (ZKo)