Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:31

Түркияда кыргызстандык студенттин ыр китеби жарык көрдү


Дыйканбек Шамшидин уулунун ыр китебинин бет ачаары.

12-мартта Түркиянын Анкара шаарында жаш калемгер Дыйканбек Шамшидин уулунун «Ырлар - менин аярлаган казынам» аттуу ыр китебинин бет ачары өттү.

Иш-чарага мугалимдер, Түркияда окуган кыргыз студенттер жана поэзия ышкыбоздору катышты.

Жаш акындын мекендештер, патриоттук темадагы айрым ырлары түрк тилине да которулган.

Дыйканбек Шамшидин уулунун аталган алгачкы ыр жыйнагы Кыргызпатенттин колдоосу менен чыгарылган.

Бир катар конкурстардын женүүчүсү болгон жаш калемгер - учурда Анкара шаарындагы Йылдырым Бейазит университетинин тарых бөлүмүнүн магистранты. (ElB)

XS
SM
MD
LG