Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Тамакка ууланган эки бала Өзгөндөн Ошко которулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Үйдө жасалган салатка ууланды" деген шек менен Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган эки бала Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына которулду. Жалпысынан Ошко которулган беш баланын үчөөнүн абалы оор деп бааланууда, алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Калган экөөнүн абалы оор.

Дагы 12 адам Өзгөн райондук ооруканасында дарыланып жатат. Аларга "ботулизм" деген клиникалык диагноз коюлган.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

12-март күнү кечинде тамакка ууланган тогуз киши Өзгөн райондук ооруканасына кайрылган, 13-мартта кайрылгандардын саны сегиз кишиге жеткен. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, алардын баары Өзгөн шаарынын тургундары, ашар ыкмасы менен иштеп, андан кийин чогуу тамактанышкан. Баштапкы маалыматтар боюнча алар үйдө жабылган салатты жеп, ууланышкан. Так себеби атайын лабораторияда иликтенип жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG