Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 07:27

Жалал-Абадда бир үй-бүлөнүн эки мүчөсү иске ууланып каза тапты. Аймактык оорукананын өкүлдөрү "Азаттыкка" кабарлашкандай, окуя Сузак районунун Кайрагач айылында бүгүн эртең менен болду.

28 жаштагы жергиликтүү тургун жана анын беш жашар баласы иске ууланып, ооруканага жетпей каза болушту. Анын 26 жаштагы жубайы менен үч жашар кызы Сузак аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Догдурлардын айтымында, азырынча экөө тең эсине келе элек.

Маалыматка караганда, жабыркаган үй-бүлө турак жайын көмүр менен жылытып жашап жаткан. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG