Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, баш калаадагы коомдук унаалардын айдоочулары атайын форма менен камсыздала баштады. Маршруттук каттамдагы унаа айдоочусунун формасы көк түстөгү желетке болот. Анда айдоочу иштеген ишкананын аталышы жана Бишкек мэриясынын эн белгиси түшүрүлгөн.
Униформаны алгачкылардан болуп №: 100,101, 147, 192, 193 каттамдагы унаалардын айдоочулары кийип чыгышат. Ал эми автобус-троллейбустардын айдоочулары үчүн жыл мезгилине ылайык, өзүнчө кийим каралууда.
Айдоочуларды форма менен камсыз кылуу милдети баш калаадагы транспорттук ишканаларга жүктөлдү. Ал эми айдоочулар көк түстүү желеткенин алдынан классикалык үлгүдөгү кийим кийүүгө милдеттендирилди. Спорттук үлгүдөгү кийимдерге жана бут кийимдерди кийүүгө уруксат берилбейт.
Бишкекте күн сайын үч миңдей маршруттук кичи автобус 119 каттамда иштейт. (ZKo)