Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:58

Казакстанда экс-министр Куандык Бишимбаев 10 жылга кесилди


Куандык Бишимбаев сотто. 8-январь, 2018-жыл.

Астана соту мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди жемкорлук боюнча айыптуу деп таап, 10 жылга катаал режимдеги абакка кести. 38 жаштагы Бишимбаев өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан да ажыратылып, мүлкү конфискацияланды. Ал буга чейинки сотто президенттин жана элинин ишеничин актай албаганы үчүн Назарбаевден кечирим сураган.

Бишимбаев 2016-жылы сегиз ай министрдин кызматын аркалаган. 2017-жылы кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча Бишимбиев “Байтерек” холдингин жетектеп турганда “1 млрд. 200 млн. теңге уурдаш үчүн кылмыштуу топ уюштуруп”, Кызыл-Ордодо айнек заводун курууга бөлүнгөн каражатты кымырган, “курулуш ишканаларынан пара алган”.

Бишимбаев - Казакстандагы мамлекеттик жетекчилердин жаңы муунун тарбиялайт деп эсептелген “Болашак” программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири.

Соттогу жарыш сөздө мурдагы министрдин энеси прокурорлор сураган 12 жылдык абак мөөнөтүн “инсанды жок кылуу” деп баалап, соттон уулун актоону өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG