Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Жалал-Абадда республикалык универсиада өтүүдө


Универсиада 17-мартта жыйынтыкталат.
Универсиада 17-мартта жыйынтыкталат.

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышкан республикалык универсиада өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия “Азаттыкка” билдирди.

Спорттун беш түрү - волейбол, кичи футбол, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана бокс боюнча Бишкек, Ош, Баткен шаарларынан келген 19 команда күч сынашууда.

Мындан жеңишке жетишкен командалар Орусияда өтүүчү дүйнөлүк универсиадага жолдомо алышат. Мелдештин ачылышы бүгүн өттү. Оюндар 17-мартка чейин уланат. (RsK)

 

XS
SM
MD
LG