Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Байсалов: Өкмөт ишенимден кетти


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Сапар Исаков баштаган өкмөт ишенимден кетти деп эсептейт. Мындай пикирин бүгүн ал “Азаттыкка” өкмөттүн “Акылдуу шаар” долбоору боюнча тараткан билдирүүсүнө байланыштуу курган маегинде айтты:

- "Аны өз күчүбүз менен эле жасабайлыбы?" десек алар: “Биз жакшы билебиз, ойлондук, эл аралык тажрыйбаны эске алдык” деп кайра бизди мазактап, жаман көрсөтүшкөн. Эми ким ишенет? Ишенимден таптакыр чыкты. Өз ыктыяры менен кетиши керек.

Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелер аткарылбаганына байланыштуу Кытай тарап менен түзгөн келишимден чыгууну чечкенин бүгүн расмий жарыялады. Мындай чечим “келишимде жазылган мөөнөт сакталбагандыгына, тагыраак айтканда, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалышына байланыштуу” кабыл алынганы айтылды.

«Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз. Бирок теңата инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми биздин жарандардын жолдогу коопсуздугун камсыз кылуу татаал бойдон кала бергенине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик», - деди Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Эсен Момункулов.

Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен эки ай мурда келишимге кол койгон. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулары айтылган.

Буга чейин да кыргыз өкмөтү чехиялык "Liglass Trading" компаниясы менен Кыргызстанда ГЭС куруу тууралуу келишимге кол коюп, кийин андан чыккан. "MegaCom" компаниясын сатуу боюнча орусиялык жеке ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланып, кийин коомчулуктагы сын пикирлерден улам ал ишкер менен келишим түзүлбөй калган. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG