Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Британия 23 орус дипломатын чыгарат


Тереза Мэй
Тереза Мэй

Вена конвенциясы боюнча Британия жашыруун чалгын кызматкерлери деп аныктаган 23 орус дипломатын өлкөдөн чыгарат. Алардын чыгып кетүүгө бир апта мөөнөтү бар. Бул тууралуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Солсбери шаарында орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу 14-мартта парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Ошондой эле Британия Орусия менен түзүлгөн жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды токтотот. Британ өкмөт мүчөлөрү жана падышалык үй-бүлө Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнөлүк мелдешке катышпайт.

“Скрипаль менен анын кызынын өмүрүнө кол салуунун артында орус мамлекети турат дегенден башка эч кандай тыянак жок” деди Мэй.

Анын айтканына караганда, Британиянын соңку 30 жылдык тарыхында мынча сандагы дипломат чыгарылган эмес жана бул Британиядагы орустардын чалгын кызматынын мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Британия ошондой эле Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго жиберген чакыруусун кайра артка алат. Мындан тышкары Лондон жеке учактарга көзөмөлдү көбөйтүп, бажыда текшерүүнү күчөтөт.

“Биз Британиянын жарандарынын жана тургундарынын өмүрүнө же мүлкүнө коркунуч жаратууга колдонулушу мүмкүн деп далилденген Орусиянын мамлекеттик активдерин камакка алабыз” – деп билдирди Мэй.

12-мартта британ өкмөт башчысы мурдагы орус тыңчысы кызы экөө Британияда ууландырылганда колдонулган уулуу зат боюнча 24 сааттын ичинде түшүндүрмө берүүнү Москвадан талап кылган.

АКШ, Евробиримдик жана НАТО британ премьеринин Скрипал кызы экөө Орусияда жасалган зат менен ууландырылышы ыктымал деп айтканына макул болушкан. "Ал уу советтик доордо алынган “Новичок” деп таанылган заттардын тобуна кирет”, - деп билдирген Тереза Мэй.

Ушул тапта ооруканада жаткан 66 жаштагы Сергей Скрипал менен анын 33төгү кызы Юлиянын абалы дагы эле оор. Алар 4-мартта Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунда эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG