Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Милиция: "Дүкөндү жардырам" деп коркуткан киши "Йакын инкардын" мүчөсү


2017-жылы Аксы районунда кармалган "Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү.
2017-жылы Аксы районунда кармалган "Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү.

Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Народный" дүкөнүн "жардырам" деп коркуткан киши "Йакын инкар" экстремисттик тобуна мүчө экени аныкталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди.

Анын маалыматына караганда, окуя 12-мартта болгон. Түнкү саат 03:30 чамасында баштык көтөргөн белгисиз киши дүкөндү жардырарын айтып, коркутуп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Октябрь райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барып, 31 жаштагы адамды кармашкан. Ал Ош облусунун тургуну экени белгилүү болгон, колундагы баштыктан эч кандай жардыргыч зат табылган эмес.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234 ("Бейбаштык"), 226-3 ("Террордук ишмердүүлүк жүргүзүүгө ачык чакыруу жана террорчулукту ачык актоо") беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Иликтөө уланууда.

"Йакын инкар" диний тобу Кыргызстанда дааватчылык уюму катары таанылган "Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп эсептелет. Анын мүчөлөрү "балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорлорду колдонбош керек" деген сыяктуу кескин эрежелерди карманат. Өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Кийинчерээк Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра баштаган.

"Йакын инкар" агымынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө былтыр 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту, ага чейин муфтият тыюу салган. (NT)

XS
SM
MD
LG