Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Франциянын бажысы былтыр 66 тонна маңзат кармады


Франциянын желеги
Франциянын желеги

Франциянын бажы кызматы 2017-жылдагы ишинин жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, былтыр жалпы 66 тонна маңзат колго түшүрүлгөн, бул рекорддук көрсөткүч экени расмий кабарланды. Ал эми кылмыштуу жол менен табылган байлыкты, маселен, үй, машине, банк эсептерин конфискациялоодон өлкө казынасына 1 млрд. доллар түшкөн.

Бул өткөн жылдагыдан 477% көп экени белгиленди. Француз бажысы буга иликтөө ыкмаларынын жаңыланышы, чек ара көзөмөл бекеттерине кошумча 1000 агенттин тартылышы өбөлгө болду деп билдирди.

XS
SM
MD
LG