Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Меркел Германиянын канцлери болуп кайра шайланды


Меркел ортүнчү ирет кызматка киришип, ант брүүдө. 14.03.2018
Меркел ортүнчү ирет кызматка киришип, ант брүүдө. 14.03.2018

Ангела Меркел кайрадан канцлерликке шайланды. Ага 364 депутат макул, 315и каршы добуш берди. Тогузу калыс болду. Германия Федерациясынын президенти бекитип, ант берсе, 63 жаштагы саясатчы ушуну менен төртүнчү мөөнөт катары менен өлкөсүн жетектейт. Немис парламенти шайланып келген алты айдан кийин араң Христиан демократтар союзу менен Социал демократтар коалиция курган эле. Эгер коалиция куралбаса, өлкөдө кайра шайлоо өтөөрү күтүлүп жаткан.

Дүйнөдөгү таасирдүү саясатчы саналган Меркел качкындарды кабыл алуу саясатына байланыштуу өз өлкөсүндө акыркы жылдары көбүрөөк сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG