Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Бишкекте жылуулук түтүктөрүнүн 70% алмаштырууга муктаж


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

"Бишкек жылуулук тармагынын" түтүктөрүн алмаштырыш үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан насыя алынат. Аталган банк менен "Бишкек жылуулук тармагы" акционердик коому насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча насыялык макулдашууга былтыр 31-октябрда Бишкекте кол коюшкан.

Бүгүн документти ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында үчүнчү окууда каралат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоорун Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет 13-февралда жактырган.

Келишимге ылайык, түтүктөрдү оңдоп-алмаштырууга жеӊилдетилген насыя катары 11,2 млн. доллар алынат, анын 3 миллиону гранттык каражат.

Бишкекте жылуулук түтүктөрү 430 чакырым, анын 70 пайызы алмаштырууга муктаж. Буга 200 миллион доллар керек боло тургандыгы айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG