Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Кытай насыясына мектеп салган ишканага 7 миллион сом төлөнө элек 


Калыс-Ордо конушундагы мектеп. 1-сентябрь, 2017-жыл.
Калыс-Ордо конушундагы мектеп. 1-сентябрь, 2017-жыл.

Бишкекте Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектепти курган “Айкөл курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Сейиткан Алиевдин билдирүүсүндө, курулушка кытайлык компания берген 700 миң доллардан тышкары бюджеттен 109 миллион сом сарпталган. Бирок мамлекет анын 102 миллионун гана берген. Калганы кылмыш иши козголгондуктан берилбей турат.

Башкы прокуратура былтыр сентябрда Калыс-Ордодогу мектеп курулушунан "чоң суммадагы акча желди" деген жүйө менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдарына иш козгогон. Келишим боюнча курулуш 759 миң долларга бүткөрүлүшү керек болсо, бюджеттен 100 миллион сомдой кошумча каражат алынганы айтылган.

"Айкөл курулуш" компаниясы мектепти салууга TBEA берген акча жетпей турганы башында эле айтылып, кошумча акча алынганын, ага имарат өз убагында толук бүткөнүн билдирип келет. Көп жыл бою курулушу токтоп турган мектеп былтыр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылган. (NT)

XS
SM
MD
LG