Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:31

Бишкекте жаш тынчтык куруучулардын улуттук симпозиуму өтөт


Бишкек, 2017-жыл.

Бишкекте 16-18-мартта жаш тынчтык орнотуучулардын улуттук симпозиуму болот. Борбор Азиядагы Америка университетинде өтчү иш-чара "Жашстан" долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Анда жаштар ынтымак-ырашкерлик боюнча өз ойлорун айтышат. Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Жанар Акаев жана башка саясатчылар, ишкерлер симпозиумдун катышуучулары менен жолугуп, зордук-зомбулук, билимдин сапаты, экологиянын начарлашы, жумушсуздук маселесин чечүүдө биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулашат.

Симпозиумда долбоорлордун ачык сынагы да болот. Жаштар тынчтыкты бекемдөө боюнча сунуштарын көрсөтүп, мыкты долбоорлор ачык добуш аркылуу тандалып алынат. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева да катышарын уюштуруучулар билдиришти.

Эл аралык "Search for common ground" ("Жалпы кызыкчылыктарды издөө") уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ишке ашырган “Жашстан” долбоору өлкөдө ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөйт.

“Жашстан” долбоору Жаштар, дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен өнөктөштүктө жана БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосунда былтыр башталган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG