Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Лондон Москваны "химиялык курал жөнүндө конвенцияны бузду" деп айыптады


БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны. Архивдик сүрөт.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны. Архивдик сүрөт.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууланышына байланыштуу 14-мартта чукул жыйынга чогулду.

Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырууну буга чейин Улуу Британия талап кылган.

Британиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Жонатан Аллен жыйында Орусия "Новичок" деп аталган нерв клеткаларын шал кылган затты иштеп чыкканын жарыя кылбаганын, муну менен химиялык курал колдонбоо тууралуу конвенцияны бузганын белгиледи. Анын айтымында, бул затты өндүрүүнүн кыйындыгы буга мамлекет катышканын божомолдоого шарт түзөт. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли болсо Вашингтон Лондонго тилектеш экенин билдирди. Ал кошумчалагандай, АКШнын бийлиги Скрипалдардын ууланышына Орусия жооптуу деп эсептейт. Хейли Москваны бул окуяны иликтөөдө кызматташууга чакырды.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя болсо Солсберидеги окуяга Москванын тиешеси жок экенин айтты. Ал Орусия шарттуу түрдө "Новичок" деп аталган затты чыгарбаганын кошумчалады. Небензянын айтымында, Скрипалдар ууланган химиялык зат Британиядан чыккан болушу мүмкүн, Орусия Лондондон БУУнун конвенциясы боюнча кат алган эмес, ал эми ишти иликтөөдө кызматташууга даяр.

Британ премьер-министри Тереза Мей 14-мартта Скрипалдардын ууланышына байланыштуу Орусияны айыптап, орусиялык 23 дипломат өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жакын арада Британияга жооп кайтарылаарын кабарлады.

Башкы чалгын башкармагынын мурдагы полковниги, 66 жаштагы Сергей Скрипал 2006-жылы Орусияда Британиянын пайдасына "тыңчылык кылган" деп айыпталып, абакка кесилген. Ал 2010-жылы АКШда кармалган орусиялык агенттерге алмаштырылып, акыркы жылдары Британияда жашап жүргөн. Быйыл 4-мартта 33 жаштагы кызы Юлия менен Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунда эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген. Экөөнүн тең абалы оор.

Окуяны иликтеген полиция кызматкери да бейтапканада жатат. Сергей Скрипал ууланардан бир нече күн мурда британ полициясына өз өмүрүнөн кооптонуп жатканын билдиргени кабарланган.

XS
SM
MD
LG