Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Өзбекстанда УКК Мамлекеттик коопсуздук кызмат болуп өзгөрдү


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы.
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 14-мартта «Улуттук коопсуздук кызматынын ишин реформалоо» боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, бул орган Мамлекеттик коопсуздук кызматы болуп өзгөрдү.

Документте мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө кызыкчылыгын ички жана тышкы коркунучтардан коргоо, чалгын жүргүзүү, чек араны кайтаруу, террорчулукка, уюшкан кылмыштуу топторго жана жемкорлукка каршы күрөш атайын кызматтын ишинин негизги багыттары катары жазылган.

31-январда Шавкат Мирзиёев коопсуздук кызматын 23 жыл башкарган генерал Рустам Иноятовду иштен алган. Анын ордуна буга чейин башкы прокурор болуп иштеген Ихтиер Абдуллаев дайындалган.

Жыл башында Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматын катуу сынга алып, анын ишмердүүлүгүн 1937-жылдагы репрессияга салыштырган.

XS
SM
MD
LG