Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:06

Мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын чыгымын текшерүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын баарынын каражаты боюнча парламентке маалымат бериши керек. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Жамангулов ушундай маселе көтөрүп, соңку 5 жыл ичинде андай ишканалар канча акча коротконун, демөөрчүлүккө канча каражат кетиргенин айтып берүүнү талап кылды.

- Бир эле мисал: мамлекеттин үлүшү бар «Чыгышэлектр» ишканасы өткөн жылы 2 млн. сомго демөөрчүлүк колдоо көрсөтүптүр. Бюджетте каражат тартыш болуп турганда мамлекеттин каражатын туш келди чачуу туура эмес деп ойлойм, - дейт депутат.

Эсеп палатасы "Чыгышэлектр" ишканасы массалык-маданий жана демөөрчүлүк иштер үчүн жумшалган акчаны электр энергиясынын өздүк баасына кошуп эсептеп салганын өткөн айда жарыялаган болчу.

Өз кезегинде "Чыгышэлектр" мыйзам бузуу болбогонун, чыгашанын баары "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жыйынында каралып, тарифтерди аныктоочу мамлекеттик агенттиктин макулдашуусу аркылуу ишке ашарын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG