Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:46

Нооруз-2018: Көкбөрү боюнча республикалык мелдеш башталды


Көкбөрү.

Бишкекте бүгүн Нооруз майрамына карата көкбөрү боюнча республикалык мелдеш башталды. Аны Көкбөрү федерациясы Мамлекеттик спорт агенттиги менен кошо уюштурууда.

Кыргызстандын биринчилиги үчүн былтыркы оюндарда чемпион аталган “Ынтымак” (Талас облусу) командасы жана ошондой эле “Достук”, “Биримдик-Аюу” баштаган 16 команда күч сынашат.

Байге фондунун алгачкы суммасы 800 миң сом деп аныкталды. Мелдештер “Ак-Кула” ат майданында өтүүдө. Жеңүүчүлөр 21-мартта аныкталат. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG