Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:51

Бишкектин Так пландаштыруу планы боюнча коомдук угуу өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Так пландаштыруу планы боюнча коомдук угуу 9-апрелде болот. Бул тууралуу Шаардык кеңештин төрага орун басары Эмил Сыдыков 15-мартта журналисттерге билдирди.

Анын айтуусунда, планга шаардын борбордук бөлүгүндөгү 3650 гектар жер аянты кирген. Бул аянт Жибек Жолу, Курманжан Датка, Шабдан баатыр, Ахунбаев, Садырбаев жана Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы төрт бурчтукту камтыйт.

Шаардык активисттер Так пландаштыруу планына нааразылыгын билдирип, анда бала бакчалары, парктар жоктугун, Бишкектин борбору жалаң соода, көңүл ачуучу жайлар менен көп кабат үйлөргө толгонун айтып чыгышкан болчу.

"Биздин укук" коомдук уюмунун төрайымы Калича Умуралиеванын билдиргенине караганда, жаңы планда бала бакчалар 37,3%, мектептер 48,4%, ооруканалар 27% гана ээлейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG