Быйыл Кыргызстанда мектеп окуучуларынын түшкү тамагы үчүн дээрлик 556 миллион сом бөлүндү. Бул өткөн жылдардагыдан 121 миң сомго көп. Мындай маалыматты бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
Анда айтылгандай, окуучулардын тамак-ашын жакшыртуу максатында атайын программа иштелип чыгып, мектептерге ашпозчулар үчүн штаттык бирдик киргизилген.
Башталгыч класстардын окуучуларына күнүнө бир маал ысык тамак берүү демилгеси 2005-жылы көтөрүлүп, ошол жылы мамлекеттик бюджеттен 380 миллион сом бөлүнгөн. 2011-жылы бул сумма 475 миллион сомго жеткен болчу. (ZKo)