Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Бостериде мугалимдер нааразылык акциясын өткөрүштү


Бостеридеги мугалимдердин нааразылык акциясы.
Бостеридеги мугалимдердин нааразылык акциясы.

Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абированын кызматтан кетүүсүн талап кылып мугалимдер, мектеп директорлору, бала бакча кызматкерлери жана ата-энелер нааразылык акциясына чыгышты. Алар Абирова жумуштан алган мектеп директорлорун кызматка кайра коюусун жана өзүнүн кетүүсүн талап кылып жатышат.

Акцияга чыккандар менен Билим жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жолугуп, Абированын ишин министрликте түзүлгөн атайын комиссия иликтеп жатканын маалымдады.

Былтыр жыл аягында Ысык-Көл районундагы Бостери айылынын Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин директору Жаныш Сулайманов, Бактуу-Долоноту айылынын орто мектебинин жетекчиси Майрам Атаева жана Булан-Сөгөттү айылынын мектеп директору Гүлназ Сыдыкова кызматтан бошотулган. Алар муну Абированын жеке чечими деп атап сотко кайрылган.

6-февралда Ысык-Көл райондук соту үч мектептин директору жумуштан мыйзамсыз бошотулган деген чечим чыгарган. Чечимде "үч директор кызматка кайра дайындалсын жана аларга моралдык кенемте төлөнүп берилсин" деп жазылган.

Ал эми Абирова өзү буга макул болбой, облустук сотко өткөн айда апелляциялык арыз менен кайрылган. (AsM)

XS
SM
MD
LG