Линктер

шейшемби, 19-март, 2019 Бишкек убактысы 07:41

Лахордогу кол салуудан 7 киши мерт болду


Жарадарларды алып чыгуу учуру. Лахор, 14-март, 2018-жыл.

Пакистандын Лахор шаарында кечээ көзөмөл-өткөрмө бекетинде болгон жардыруудан жети киши мүрт кетип, 20дай киши жарадар болду. Жергиликтүү бийлик кол салууну жанкечти уюштурганын билдирди. Окуя бекеттин жанында диний жөрөлгө өтүп жаткан маалда болгон. Ал жакка болжол менен 80 миңдей адам чогулган эле.

Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна пакистандык талибдер алганын “Рейтер” агенттиги жазды.

XS
SM
MD
LG