Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Өнөктөштөр Британиянын Орусияга берген жообун кубатташат


Лондондогу полиция кызматкерлери. 12-март, 2018-жыл.
Лондондогу полиция кызматкерлери. 12-март, 2018-жыл.

Британиянын өнөктөштөрү Лондондун орусиялык 23 дипломатты чыгаруу тууралуу чечимин кубатташты. Ак үй "нерв системасын шал кылган заттын британиялык жаран менен анын кызына каршы колдонулушу үчүн Москва жооптуу" деп билдирди. Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал кызы Юлия экөө 4-мартта ууландыруу белгилери менен ооруканага жеткирилген бойдон дагы эле оор абалда жатышат.

Вашингтон "Москва дүйнөдөгү коопсуздукка көлөкө түшүрүүдө жана Батыш демократиясына сокку урууга аракеттенип жатат" деп белгиледи.

14-мартта Британиянын премьер-министри Тереза Мэй "Скрипалды ууландыруунун артында Орусия турат" деп айыптап, орусиялык дипломаттар өлкөдөн чыгарылаарын жарыялаган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жакын арада жооп кайтараарын ошол эле күнү билдирди.

XS
SM
MD
LG