Украинада депутат Надежда Савченко парламентте - Верховна Радада теракт даярдаган деп шек саналууда. Бүгүн башкы прокурор Юрий Луценко Савченкодон кол тийбистекти алуу жана аны камоо тууралуу өтүнүчүн депутаттардын кароосуна жөнөтөөрүн айтты.
Верховна Рада Савченкону Коргоо жана улуттук коопсуздук комитетинен чыгарган. Депутат өзү ушу тапта "Киевде кол салуу даярдаган" деп айыпталган кишинин иши боюнча Улуттук коопсуздук кызматына сурак берүүдө.
«Улуттук фронттун» депутаты Антон Герашенко «Кремлдин мурдагы туткуну» теракт даярдоо гана эмес, мамлекеттик төңкөрүш кутумуна катышуу боюнча да шек саналып жатканын парламенттеги журналисттерге айтты.
2014-2016-жылдары Савченко орусиялык эки журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Орусияда абакта отуруп чыккан. Аскер күчтөрүнүн учкучу Савченко Донбасстагы жикчилердин колуна түшүп калып, орус соту аны 20 жылга абака кескен. Кийин ал Киевде соттолгон орусиялык жоокерлерге айырбашталган.