Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 20:50

Кыргызстанда кургак учуктун ачык түрүнө чалдыккан бейтаптардын саны азаюуда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосунаРеспубликалык фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров маалымдады.

Кадыровдун айтымында, Кыргызстан кургак учуктун кадимки дарынын күчү жетпей калган формасын аныктоо үчүн аппараттар менен толук камсыз болгондуктан оорунун ачык түрүн тез аныктап, убагында дарылоого шарт түзүлүүдө.

- Жылдын жылга азайып жатат. Себеби 2011-жылдан бери биз жаңы технология колдонуп баштаганбыз. Мурда лабораториялык изилдөө менен кургак учуктун дарыга туруктуу формасын аныктоого 2-3 ай кетчү. Азыр болсо америкалык окумуштуулар ойлоп тапкан “жин эксперт” деген платформанын негизинде ДНК деңгээлинде 2 сааттын ичинде эле билип алып жатабыз.

Кадыров кошумчалагандай, азыр Кыргызстандын аймагында мындай 28 платформа бар жана республика аны менен толук камсыз болгон.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө кургак учукка чалдыккандардын саны 2001-жылга салыштырганда 44% азайды. Андан каза болгондор ошол эле жылы 100 миң калкка 27 учур болсо былтыр 5 учур болду.

2014-жылдан бери Кыргызстанда АКШнын USAID агенттигинин колдоосу менен “Кургак учукту жеңебиз” долбоору ишке ашырылууда.2019-жылы жыйынтыктала турган долбоорго аталган уюм 14 миллион доллардан ашуун каражат бөлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG