Принтер
Люис: Борбор Азияда муз ордунан жылды
15-мартта Астанада Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Буга чейин 2009-жылы аймактагы өлкөлөрдүн президенттери Алматыда толук курамда кездешкен эле. Англиядагы Эксетер университетинин саясат таануу боюнча доктору, постсоветтик чөлкөм боюнча адис Дэвид Люис "Азаттык" менен болгон маегинде Борбор Азиядагы кызматташтыктын күңгөй-тескейине токтолду.