Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 21:53

Македон президенти албан тилинин макамын кеңейткен мыйзамга кол койгон жок


Георге Иванов.

Македониянын президенти Георге Иванов албан тилинин расмий макамын кеңейтүүчү мыйзам долбооруна кол коюудан экинчи ирет баш тартты. Президент бул мыйзам "адилет эмес жана бир эле тилдин кызыкчылыгын эске алат" деп билдирди.

Парламент 14-мартта нааразылык акцияларынан улам долбоорду жактырууга аргасыз болгон. Документти 120 депутаттын 64ү колдогон. Январь айында Иванов мыйзамга кол коюудан баш тарткан. Эми бул кадам өлкөнү саясий кризиске кептеши мүмкүн.

Мыйзам долбоорун албан азчылыгынын колдоосун табуу аракетинде бийликтеги социал-демократтар сунуш кылышкан. Албан тили албандар калктын кеминде 20 процентин түзгөн жерлерде гана расмий катары колдонулчу. Жаңы мыйзам болсо макамын кыйла кеңейтет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG