Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:45

Словакияда өкмөт башчы кызматтан кетти


Словакиянын премьер-министри Роберт Фицонун (солдо) арызын өлкө президенти Андрей Киска (оңдо) кабыл алып жаткан учур 15-март, 2018-жыл

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо отставкага кетти. Президент Андрей Киска өкмөт курамын түзүүнү премьер-министрликке сунушталган Петер Пиллигриниге тапшырды.

Фицо шаршембиде кызматынан кетүүгө даярдыгын айтып, бир нече шарт койгон. Бул билдирүү иликтөөчү журналист Ян Куциактын өлтүрүлүшүнөн кийин тутанган саясий кризис тушунда жасалды. Журналист премьерге жакын словакиялык саясатчылар менен Италия мафиясынын байланыштарын иликтеп жүргөн.

Куциактын киши колдуу болушу өлкөдө миңдеген киши катышкан демонстрацияларга алып келген. Демонстранттар өкмөттүн отставкасын жана кезексиз шайлоону талап кылышкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG