Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Британия жана өнөктөштөрү Скрипалдын иши боюнча билдирүү жасады


Британ өкмөт башчысы Тереза Мэй Сергей Скрипал менен кызы ууланган жерге барган учурда. 15-март, 2018-жыл
Британ өкмөт башчысы Тереза Мэй Сергей Скрипал менен кызы ууланган жерге барган учурда. 15-март, 2018-жыл

Британия, АКШ, Германия жана Франция орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалдын ууландырылышын Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Европа аймагында биринчи жолу нерв системасын сенек кылган кооптуу заттын колдонулушу деп аташты. Бул үчүн жоопкерчилик Орусияга жүктөлүп, окуя Бириккен падышалыктын суверенитетине кол салуу катары сыпатталды.

Билдирүүдө айтылгандай, Орусия химиялык куралга тыюу салган Конвенцияны бузду. Британия, АКШ, Германия жана Франция Москваны Скрипал ууландырылды делген ошол зат тууралуу маалыматты тиешелүү эл аралык уюмга өткөрүүгө чакырышты.

14-мартта британ өкмөт башчысы Тереза Мэй Сергей Скрипал менен кызын ууландыруунун артында Москва турат деп айыптап, орусиялык 23 дипломат падышалыктан чыгарылаарын жарыялаган.

Эртеси Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров жооп катары британиялык дипломаттар да чыгарыларын айтты.

Орус аскерий чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, британ жарандыгын алган Скрипал жана кызы Юлия 4-мартта ууландыруу белгилери менен догдурга жеткирилген. Учурда алардын абалы оор.

XS
SM
MD
LG