Парламенттин 15-марттагы сессиясында "Бир бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайды кайра иштеткен кытайлык "Жунда" заводуна байланышкан маселени көтөрдү.
Анын айтымында, ишканадан чыккан түтүн "курчап турган чөйрөгө зыяндуу эмес" деген расмий тыянак чыгарылганы менен жергиликтүү жашоочулар түндө иликтөө жүргүзүүнү өтүнүп жатышат.
Жарандар «Жунда» заводу мунайды кайра иштетүүдөн пайда болгон зыяндуу затты түнкү саат 12:00дөн кийин чыгарарын билдиришкен. Субанбеков бул маалыматтарды эске алып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү тургундардан, жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынан турган комиссия түзүп, заводдун ишин текшерүүнү өкмөткө сунуш кылды.
Сөз болуп жаткан заводдун экологияга тийгизген таасири буга чейин иликтенген.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги шаардагы абаны жана топуракты текшерип, анын ишинен экология зыян тартпаганын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундардын бул ишканага нааразылыгы токтой элек. (NT)