Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Борбор Азия лидерлери 2019-жылы Ташкентте жолугушат


Кыргыз-казак президенттери Астанадагы саммитте. 15-март, 2018-жыл.
Кыргыз-казак президенттери Астанадагы саммитте. 15-март, 2018-жыл.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Казакстандын борбору Астанада 15-мартта өткөрүлгөн жолугушуусунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кызматташтарын 2019-жылы Ташкентке чакырды.

Астанадагы жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери жана Түркмөнстан межилисинин төрагасы катышты.

Жыйын алдында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүү маселесин талкуулады.

Назарбаев жыйындан кийин президенттер менен бардык омоктуу маселелер боюнча пикир алмашуу болгонун билдирди.

Борбор Азия лидерлери аймактык коопсуздук, чек ара, отун-суу ресурстары, тарифтик саясат, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы өз ара мамилелерди чыңдоо туурасында баарлашты. Бул чөлкөмдүк саммитте президенттердин биргелешкен билдирүүсү да кабыл алынды.

Президенттер мындай жолугушууну жыл сайын Ноорузду утурлай өткөрүп туруу жөнүндө макулдашты. (NT)

XS
SM
MD
LG